Жаңылыктар
Ө.Текебаевдин мандаты боюнча соттон түшүндүрмө
Саясат
Ө.Текебаевдин мандаты боюнча соттон түшүндүрмө

Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2020-жылдын 23-ноябрындагы чечими коомчулукта активдүү талкууланып жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын Административдик соту түшүндүрмө берди. 

2020-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими менен Ө.Ч.Текебаевге Жогорку Кеңештин депутаты статусу калыбына келтирилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-октябрындагы токтомун жараксыз деп табылган.

Бул токтомду чыгарууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын ченемдери бузулган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз токтомунда Ө.Ч.Текебаевге карата 2017-жылдын 16-августундагы айыптоочу өкүмүнө байланыштуу, анын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганын жана анын депутаттык мандаты партиянын кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүлүп берилгенин көрсөтөт.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Ө.Ч.Текебаевге карата 2017-жылдын 16-августундагы айыптоочу өкүмүн жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөткөнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ө.Ч.Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берген.

Бирок, Ө.Текебаевге “Ө.Текебаевдин шайлоо укуктарын калыбына келтирүү үчүн” Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты өз ыктыяры менен баш тарткан мандаты берилген.

Ошол эле учурда, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, анын мандаты БШКнын чечими менен ошол эле тизмеден кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.

Ө.Ч.Текебаев партиянын талапкерлеринин тизмесинде кезек боюнча мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттан кийинки талапкер болбогонуна карабай, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын тартиби Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бузулганына байланыштуу, соттун чечими менен токтом жараксыз деп табылган. Андыктан, сот чечими конституциялык мыйзамынын ченемдеринин негизинде чыгарылды.