Жаңылыктар
Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 60 миллиондон ашты
Дүйнө
Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 60 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 60 миллиондон ашты. Бул тууралуу Worldometers статистикалык порталы жазып чыкты.

25-ноябрь, шаршемби күнү эртең менен, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 оорусунун 60 087 885 учуру тастыкталды, анын ичинен 41,5 миллион бейтап айыгып, 1,4 миллион адам инфекциянын кесепетинен улам көз жумган. Америка Кошмо Штаттары оорулар жана өлүмдөр боюнча, ошондой эле анализдердин саны боюнча лидер бойдон калууда. Өлкөдө дээрлик 13 миллион жаран ооруну жуктуруп алган, алардын 7,6 миллиону бул илдетке каршы күрөшүп, 265,9 миңи көз жумган.

Оорунун көрсөткүчү боюнча экинчи орунда Индия (9,2 млн учур), үчүнчүдө Бразилия (6,1 млн).