Жаңылыктар
"Азия балдары” Эл аралык спорттук оюндарына Кыргызстандан 136 өспүрүм катышат
Спорт
"Азия балдары” Эл аралык спорттук оюндарына Кыргызстандан 136 өспүрүм катышат

5-17-июлга чейин Саха-Якутияда өтө турган “Азия балдары” аттуу 6-эл аралык спорттук оюндарга Кыргызстандан 136 өспүрүм катышат. Бүгүн спорт ордосунда жаш спортсмендерди узатуу аземи болуп, ага вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева катышты. Кудайбердиева спортчуларга ийгиликтерди каалап, Кыргызстан курама командасынын капитаны Марлен Мамытбековго тууну тапшырды. 

Белгилей кетсек, "Азия балдары" эл аралык спорт оюндары 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ага 38 мамлекеттен баскетбол, бокс, волейбол, эркин курөш, дзюдо, женил атлетика, сууда сүзүү, таэквондо, көркөм гимнастика, футбол, шахмат жана спорттун башка түрлөрүнөн болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки балдар менен кыздар катышат.