Жаңылыктар
БШК: президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
Шайлоо 2023
БШК: президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлап, 47 адамдын тизмесин жарыялады. 

Жалпысынан 65 арыз түшкөн, алардын бирөө партиядан, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр. 30у коммерциялык эмес уюмдарда иштегендер, 24ү убактылуу жумушсуздар, бешөө мамлекеттик органдарда иштегендер, үчөө Жогорку Кеңештин депутаты, үчөө пенсионер болчу. Талапкер болууну каалаган тогуз адамдын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаты жок болгондугуна жана үч адамдын сотко байланыштуу иштери жоюла электигине байланыштуу 19-ноябрда Боршайком алардын документтерин кайра кайтарып берген.

Мындан тышкары, алты адам шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартты.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп катталууну каалагандардын саны 47 адамды түзүүдө. Аларга эми банк мекемелеринен эсеп ачып, элден кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төгүп, жетишпеген документтерин толуктоого 6-декабрга чейин убакыт берилет. Андан соң Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүү этабын жүргүзүп, 14-декабрды кошкондо каттоо мөөнөтүн аяктайт жана 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат.