Жаңылыктар
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кышкы туризмде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча иш алып барууда
Маданият
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кышкы туризмде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча иш алып барууда

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү (WTK) боюнча SECO долбоорунун Хельветас Кыргызстан уюмунун башчысы Йоханнес Худоба менен жолугушту.

Жолугушууда кышкы туризмдеги кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, кышкы туризм өнүмдөрүн өнүктүрүү, Кыргызстанды ички жана чет өлкөлүк туристтер үчүн кыштын жагымдуу жайы катары таанытуу боюнча долбоордун иш-аракеттери көрсөтүлүп, Министрлик менен Туризм департаменти биргеликте иш алып барууну улантуу тууралуу баарлашты.

Келе жаткан кыш мезгилинде WTK Долбоору лыжа тебүү боюнча кыргыз инструкторлорунун жана трассадан сырткары муз тебүүнүн практикалык окуусун улантып, декабрь айында тоо лыжа базалары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана кыш мезгилинде туристтерге биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча тренингдерди баштайт.

Каракол шаарына багыт алган Долбоор жаңы кышкы туризм өнүмдөрүн иштелип, ал сыноодон өткөрүлдү. Каракол шаарында туризмди колдоо программасын СOVID-19 шартында улантууда жана ушул тапта Бишкектеги Каракол мейманкана тармагы үчүн бизнес-окутуу турун өткөрүүдө.

Министрлик ушул жылдын 1-ноябрынан тарта Туризм департаменти тарабынан көрсөтүлгөн Долбоор менен биргеликте Кыргызстанды жана анын чегинен тышкары жерлерде Кыргызстанды кыштын жагымдуу жери катары таанытуу үчүн маалыматтык кампанияны, ошондой эле калк арасында кышкы эс алууну жайылтуу боюнча иштерди баштады.

Туризм департаменти Долбоор менен биргеликте 2020-2021-жылдардагы кыш мезгилине карата Ыкчам иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 24-ноябрында бекитилген.

Долбоор жогорудагы планды ишке ашырууга техникалык жардам көрсөтөт. Ошол эле учурда, кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн Концепциясынын долбоору биргеликте иштелип чыккан, ал Туризм департаментинин сайтында коомдук талкууга коюлган.

WTK долбоору Швейцария Өкмөтү тарабынан Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылык (SECO) аркылуу каржыланып, Хельветас Кыргызстан тарабынан ишке ашырылууда.