Жаңылыктар
Легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона 60 жашында көз жумду
Спорт
Легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона 60 жашында көз жумду

Легендарлуу футболчу жана машыктыруучу Диего Марадона 60 жашында көз жумду. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазып чыкты.

Ноябрь айынын башында Марадона ооруканага жаткырылып, 11-ноябрда чыккан. Ал эми 25-ноябрь күнү оорунун айынан жүрөгү токтоп, үйүнөн көз жумду.

Марадона футболчу катары аргентина жана испаниялык клубдарда ойногон. Алардын атактуулары “Барселона”, “Севилья” жана “Наполи”. Аргентина курама командасы үчүн жалпы 91 беттеш өткөрүп, 34 гол киргизген. 1986-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатын жеңип алса, 1990-жылдагы дүйнө биринчилигинде күмүш байгени уткан.

Футболчу катары карьерасын жыйынтыктагандан соң, машыктыруучу болуп эмгектенген. 2008-жылдан 2010-жылга чейин Аргентина курама командасын машыктырган.

2019-жылдан тартып, “Химнасия жана Эсгрима” командасын машыктырып келген.