Жаңылыктар
ЕАЭБ: эмгек мигранттардын пенсия маселеси чечилди
Мекендештер
ЕАЭБ: эмгек мигранттардын пенсия маселеси чечилди

Россияда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишим күчүнө кирди. Тиешелүү документке Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчылары өткөн жылдын декабрь айында Санкт-Петербург шаарында кол койгон.

Документ Мамлекеттик Думада ратификацияланып, Россиянын Президенти Владимир Путин кол койду. Келишимдин долбоору боюнча иш 2014-жылдан бери жүрүп жатат. Өткөн жылдын декабрь айында Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары тиешелүү келишимге кол койгон.