Жаңылыктар
Түркиядагы жардыруудан бир мекендешибиз жаракат алган
Дүйнө
Түркиядагы жардыруудан бир мекендешибиз жаракат алган

Стамбулдун Ата-Түрк аэропортунда болгон жардыруудан Кыргызстандык бир жаран жаракат алды. Бул тууралуу КТРКга Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жардыруудан 22 жаштагы мекендешибиз жеңил жаракат алган жана ал учурда ооруканада жатат.

Жанында туугандары бар. Акыркы маалыматтар боюнча, жардыруудан 40 адам каза таап, 150дөй киши ар кандай жараат алышты. Эске салсак, кечээ түнү Түркиядагы эл аралык Ата Түрк аэропортунун ар кайсы жеринде үч жолу жарылуу болду. Маалыматка ылайык, жардыруулар эл аралык каттамдар терминалында болгон.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118