Жаңылыктар
Депутаттар өкмөттүн жаңы курамына талапкерлерди шайлашты
Саясат
Депутаттар өкмөттүн жаңы курамына талапкерлерди шайлашты

Депутаттар өкмөттүн жаңы курамына талапкерлерди шайлашты. Өткөн аптада Жогорку Кеңеш премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сунуш кылган өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтомду кабыл алган болчу.

Ошондой эле, өкмөт башчы депутаттардын сунушу менен чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматты киргизүүнү карамай болгон. Бул кызматка Жеңиш Разаковдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Милициянын полковниги, 49 жаштагы Разаков буга чейин өкмөттүн чек ара маселелери курч болгон Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. 

Парламенттеги бүгүнкү отурумда эл өкүлдөрү өкмөттүн жаңы структурасын бекитүүгө макулдук беришти. Жогорку Кеңешке талапкерлерди сунуштаган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков алардын бардыгына ишеним арта турганын жана өз ишинин мыктылары экенине ишенерин билдирди. Ошентип өлкөнүн экономикасын өнүктүрө турган тармактар боюнча өкмөттүн түзүмүнө өзгөртүү киргизилди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118