Жаңылыктар
Опера жана балет театрында оңдоо иштери жүргүзүлөт
Маданият
Опера жана балет театрында оңдоо иштери жүргүзүлөт

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын имаратын оңдоо үчүн 37 миллион сом бөлүнүп берилүүдө. Театрдын ачылганына быйыл 74 жыл болду. Ошол 70 жыл аралыгында, бул жерде көзгө көрүнөрлүк деле оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 

Театрды жаңылоо ишин август айында баштоо пландалууда. Алгач тендер жарыяланып, анын негизинде оңдоо иштери башталат. Театрдын ичи-тышы эле оңдолбостон, анда эмгектенгендердин айлык маянасы дагы жогорулай турган болду. Э

ске сала кетсек, алгачкы кыргыз мамлекеттик театры 1930-жылдын 7-ноябрында түзүлгөн. Бирок азыр опера жана балет театрынын негизделген күнү деп 1942-жылдын 17-августу эсептелет. Бул күнү музыкалык драма театры - мамлекеттик опера жана балет театры болуп кайра түзүлгөн.