Жаңылыктар
БАЭде асман тиреген төрт имарат жардырылды
Дүйнө
БАЭде асман тиреген төрт имарат жардырылды

Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде, райондорду өнүктүрүү долбоорунун алкагында төрт асман тиреген имарат бир  учурда жардырылды. Бул тууралуу 29-ноябрь күнү жергиликтүү Khaleej Times гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Meena Plaza Tower комплексинин төрт имараты жардырылды. Асман тиреген имараттардын жалпы бийиктиги 144 кабатты түзөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жарылуу эң жогорку эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык жасалган. Имараттарды бузууга 10 секунд гана убакыт жетиштүү болду.

Ошондой эле, имараттар көптөн бери пайдаланылбай келе жаткандыгы, алардын ордуна портко жол салынары айтылды.