Жаңылыктар
Токтогулда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Токтогулда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү

Токтогул районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Анын кесепетинен ички чарбалык жолдор менен көпүрөлөр жараксыз абалга келди. Короо, мал сарай жана турак жайларга чейин суу кирди. Катуу жүргөн кыян бир нече гектар айдоо жерин да чайкап кетти.

27-июнда жамгыр ашып кетсе 15 мүнөттөй эле жааган. Бирок, чакалап куйган. Ошол кыска убакытка жааган жамгыр Токтогулдун Үч-Терек өрөөнүнүн чалмакейин чыгарган. Көчөлөрдө суу дарыя болуп агып, тоодон катуу түшкөн суу короолордун дубалдарын жарып, үйлөрдүн ичине чейин кирген.

Жергиликтүү эл турак жайдын ичиндеги сууну таң атканча чакалап ташып чыккан. Айрымдарынын короосу тоодон түшкөн ташка толуп калса, башкасыныкы ылайдан басууга мүмкүн эмес. 

Айылдардын ичиндеги жолдорду дагы суу жеп, унаа жүрүүгө мүмкүн болбой калган. Айылдардын ичиндеги көпүрөлөрдү да суу агызып кеткендиктен, элет элинин бири-бири менен катташуусунда кыйынчылык жаралды.

Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан айылдарынын айдоо аянттарындагы жүгөрү, картошканы да суу чайкап, дыйкандардын эптеп чоңойтуп алган эмгеги талаага кетти. 

Ошол түнү тоого жакын жайгашкан Ничке-Сай айыл аймагында мөндүр жааган. Ал жүгөрү, картошканы толугу менен талкалап кеткен. Элеттеги айдоо жерлерди кыдырсаң, бүт эле соройуп, атайылап чаап салгандай жүгөрүнүн сөңгөктөрү эле көрүнөт. Байлаган түшүмдөн да, жалбырактан да дайын жок.

Ошондой эле катуу шамал көпчүлүк үйлөрдүн чатырларын алып кеткен. Мүмкүнчүлүгү чектелген ….. азыр эки кызы менен үйсүз калды. Пенсиясын чогултуп, жаңыдан бир бөлмөлүү үй салып баштаган, анысынын чатырын да шамал учуруп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар, жол министрликтери үймө-үй кыдырып, жабыркаган турак-жайларды каттоого алууда. Ал арада айрым каттамдар, тоодон түшкөн таш, топурак, шагылдан тазаланып, жолдор ачылууда. 

Жарандык комиссия канча үй селдин кесепетинен талкаланганын аныктап, анын негизинде жардам берүү жагын аныктап чыгат.

Эскерте кетсек. Токтогулдун Үч-Терек өрөөнү 1977-жылдары ушул аймакка көчүрүлүп келген. Алардын ошол мезгилдеги айдоо аянттары, гүлдөтүп алган жер тилкелери Токтогул суу сактагычынын астында калган.