Жаңылыктар
Газ түтүктөрүнө жамаачы салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Газ түтүктөрүнө жамаачы салынат

Ош шаарынын аймагындагы жер алдынан өткөн газ куурлары текшерилип, табылган жылчыктарга бир ай аралыгында жамаачы салынат. Иштөө мөөнөтү аяктаганына карабай колдонулуп жаткан газ түтүктөрүндө жоготуу көп болуп жаткандыктан, аларды алмаштыруу аракети көрүлө баштады. Бирок ага тоскоол болгон жагдайлар да кездешет.

Ош шаарынын Кулатов жана Туран кичи районуна кетчү орто басымдагы газ куурлардын бир канча жеринде жылчыктар пайда болгон. Билинбеген менен ири чыгашага алып келген бул түтүктөр, эскилиги жеткендиктен тешиле баштаган.

Ош шаарында жер алдынан 176 чакырым аралыкта газ түтүктөрү өтөт. Текшерүүнүн натыйжасында 30 жылдан жогору мөөнөттө колдонулган куурларда жарактан чыккандары көп болууда.

Ошто 133 чакырым газ куурун алмаштыруу зарыл. Анын ичинен 2016-жылы 18 чакырым, 2017-жылы 14, 5 чакырым жер алдындагы газ куурларын алмаштыруу планы түзүлгөн. Бирок тоскоолдуктар бар. Калаада 50 жакын жеке үй жана соода түйүндөрү газ куурларынын үстүнө салынып калган.

“Бул жерде газ куур өткөн жердин эки тарабында 4 метрден жер болуш керек .Бирок андай болбой жеке адамдарга сатылып кеткен. Эгер жогоруда көргөндөй куурлар тешилсе, жамоо үчүн бул жакты ача албай, газ берүүнү токтотууга туура келет. Анда Кулатов жана Туран кичи шаарчасы, газсыз калат”, - дейт Газпром Кыргызстандын Оштогу филиалынын башчысынын орун басары Мирбек Маматов.

Газ куурлары жайланышкан жерлерди бошотуу боюнча үй элери менен жеке ишкерлерге эскертүү берилген. Ага маани бербегендердин иши тийиштүү органдарга тапшырылмакчы.