Жаңылыктар
Татарстанда 32 улгайган аялды өлтүргөн киши кармалды
Дүйнө
Татарстанда 32 улгайган аялды өлтүргөн киши кармалды

Татарстанда ондогон улгайган аялдарды өлтүргөн 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты. Курман болгондордун бардыгы муунтулуп же атайын буюмдар өлтүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 2011-жылдан ушул убакыт аралыгында ал 60тан 90 жашка чейинки 32 улгайган аялды өлтүргөн (башка маалыматтарга караганда - 25 аял). Киши өлтүргүч өзүн социалдык кызматкер, сантехник же энергетик катары тааныштырып, жумушун жасаган.

Радик Тагиров аттуу киши өлтүргүч мээлей менен кылмыштарды жасап, изин суутуш үчүн химиялык заттарды колдонгон. Ал Россиядагы эң көп изделип жаткан кылмышкер деп табылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардам бере турган ар кандай маалымат үчүн алгач 1, андан кийин 3 миллион рубль төлөп берүүнү убада кылынган.

Маалыматка ылайык, кылмышкер генетикалык тестирлөө аркылуу аныкталган.