Жаңылыктар
Санарип: аналогдук сигнал катары таркоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Санарип: аналогдук сигнал катары таркоодо

“Телеберүү жана радио берүү”, “Электр жана почта байланыштары”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү жөнүндө” мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор  боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде жактырылды. Эл өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган маселе телеканалдардын контентинде 50 пайызы Мамлекеттик тилде болуусу болду. Буга чейин бул мыйзам долбоору боюнча 3 ирээт коомдук талкуу уюштурулган.

“Теле жана радио берүү”, “Электр жана почта байланыштары”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү  жөнүндө” мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор  боюнча мыйзам долбоорун депутаттар Иса Өмүркулов, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешовдор демилгелеген. Мыйзам долбооруна ылайык телерадиоберүү  компанияларын  3 топко бөлүү  сунушталып, буга чейин  белгиленген  иш аракеттерге айрым өзгөртүүлөр киргилди.

Комитеттин отурумунда кызуу талкуудан соң, “Теле жана радио берүү”, “Электр жана почта байланыштары”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү жөнүндө” мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор  боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө өлкө аймагында 8 коомдук жана 13 мамлекеттик  каналдар иштеп келет. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей мурда соцпакет 13 канал менен  бекитилген  болчу, ал өзгөрүүсүз калган. Республикада  тесттик санариптик телекөрсөтүүсү 2014-жылдын 6-ноябрында башталган. Ушул күндөн тарта санариптик сигнал Ысык-Көл облусунда , Чүй  облусунда  Кара-Балта шаарынан Кемин шаарына чейин, ошондой эле Бишкек, Талас, Жалал-Абад жана Ош  шаарларында аналогдук сигнал менен катар жеткиликтүү болду.

С. Идирисов,  «Биринчи радио»