Жаңылыктар
“Ашкере байлыкка” салык киргизүү сунушталууда
Экономика
“Ашкере байлыкка” салык киргизүү сунушталууда

Экономика министрлиги аянты 200 жана 300 чарчы метрден ашкан кыймылсыз мүлктөргө, ошондой эле  чыкканына  5 жыл боло элек кымбат баалуу унааларга карата салыкты жогорулатууну ниеттенип жатат. 

Айырм эксперттер бар салыктын түрүн 100 пайыз чогултуп алууга жетишүу аракетин көрүү керек дешсе, дагы бири “байгер жашоо үчүн” көбүрөөк салык төлөө дүйнөлүк тажырыйба экендигин эске салат.

Салык кызматынын маалыматы боюнча кыймылсыз мүлкү 80 жана 150 чарчы  метрден ашкан 14 миңдин айланасындагы салык төлөөчүлөр бар. Алардан жалпысы 2015-жылы 56 миллиондон ашык салык түшкөн. 

Авто унаалардын салыгынан былтыр 689 миллион чогулган. Экономика министрлигинин болжолдуу эсептөөлөрү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору бекитилсе өлкө бюджетине кошумча 515 же 7 миллондон ашык каражат түшөт.

Н. Молдокулова, «Биринчи радио»