Жаңылыктар
Балыкчы-Каракол унаа жолу көчмөндөр оюнуна чейин бүткөрүлөт
Экономика
Балыкчы-Каракол унаа жолу көчмөндөр оюнуна  чейин  бүткөрүлөт

Жолду курууга  кошумча 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул каражат калган Тамчы  аба майданынан Чолпон-Атадагы ат майданына чейинки 35 чакырымды курууга сарпталат.  Эске салсак, буга чейин жолго 600 млн сом бөлүнгөн.  

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун 35 чакырымын  Дүйнөлүк  көчмөндөр  оюнуна  чейин   бүткөрүү тапшырмасын берген. Учурда аталган жолдо курулуш  иштери  жүрүп  жатат. Транспорт жана жолдор министрлигинин   алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Талант Садакбаевдин айтуусунда,  учурда  жолдун 5 чакырымы   асфальтка даярдалды, мындан башка да бир топ жумуштар аткарылууда  .

Эскерте кетсек, Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду  жолунун  жалпы  узундугу 104 чакырымды  түзүп, анын 35и Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата  шаарындагы  ат майданга   чейинки бөлүк болуп саналат. Ал эми Чолпон-Ата  шаарындагы  ат майданында  курулуш  иштери   жүрүп жаткандыгы  жана  ал  өз мөөнөтүндө  бүткөрүлө тургандыгы айтылууда.

Г. Усенова, “Биринчи радио”