Жаңылыктар
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында “Жаш манасчы” сынагы өттү
Маданият
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында “Жаш манасчы” сынагы өттү

Кыргызстанда жыл сайын 4-декабрда “Манас” эпосунун күнү белгиленет. Буга карата "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында “Жаш манасчы” сынагы өттү. Ага манас айткан мектеп окуучулары катышып, мыкты манасчылар сыйлыкка татышты.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында “Жаш манасчы” сынагы өттү. Келечек муундун Манаска болгон кызыгуусун арттырууга арналган таймашта борбор калаадагы мектептердин 18 окуучусу катышты.