Жаңылыктар
“Ден соолук - 2016” спартакиадасы жыйынтыкталды
Спорт
“Ден соолук - 2016” спартакиадасы жыйынтыкталды

 24-июндан бери Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Ден соолук-2016” спартакиадасы салтанаттуу түрдө жабылды. Иш чара 20 жылдан бери жыл сайын жай мезгилинде көгүлтүр көл жээгинде, билим берүү министрлигине караштуу, массалык спортту жана ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык “Жаштык” борбору тарабынан өткөрүлүп келет.

Бул жолу жалпы республикадагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жана мектеп мугалимдеринен турган курама командалар, спорттун 7 түрү: волейбол, футбол, стритбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси жана ордо боюнча мелдешти. Уюштуруучулардын баамында жылдан жылга иш чаранын катышуучуларынын саны арбып, спортко болгон кызыгуу артып жатат. Быйылкы иш чарага өлкөдөгү бардык окуу жайлардан куралган жана облус борборлорунан келген командаларды кошкондо, катышуучулардын саны 850 жетти.