Жаңылыктар
КММА жаңы ректорду тандайт
Билим
КММА жаңы ректорду тандайт

Эртең кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы өзүнүн жаңы ректорун тандайт. Окуу жайдын жетекчилигине 12 талапкер ат салышууда. Алардын көбү медициналык академияда кыйла жылдан бери эмгектенип, эмгек сиңирген мугалим жана тажрыйбалуу дарыгер катары таанымал болгондор. 

Жогорку окуу жайдын башчысын эмгек жамаат өзү тандайт, тактап айтканда 600дөн ашык кызматкер добуш берет. 

Юсупжан Үмөталиев медициналык окуу жайдын ректоруна талапкердин бири. Ал көп жыл бою алдыңкы медициналык окуу жайларда эмгектенген. Үмөталиев өлкөдөгү алдыңкы окуу жайдагы маселени чечүү жолдорун көрүп турам, ошондуктан жетекчи кызматына ат салышып отурам деп билдирди. 

Юсупжан Үмөталиевден тышкары дагы ат салышкандар арбын. Басымдуу бөлүгү ушул күнгө чейин медициналык академияда иштегендер. Алардын аты-жөнү белгилүү болгон: Доктурбек Адамбеков, Зиябидин Айдаров, Алымкадыр Бейшеналиев, Жусуп Бошкоев, Нурлан Бримкулов, Есенгульди Жолдошбеков, Омор Касымов, Индира Кудайбергенова, Өмүрбек Куттубаев, Ишенбек Сатылганов жана Андрей Сопуев талапкерлигин койгон.

Бул окуу жай реформага муктаж экендигин айта кетүү керек. Имараттын ичинде коомчулукка резонанс жараткан окуялар да катталган. Эмгек жамаат эки бөлүнүп, мурунку ректорду жактап же каршы чыккан учурлар болгон. Бир аз убакыт мурун бир кызматкерди укук коргоо органдары кармап, анын жүрөгү токтоп каза болгону да маалым. Бул өңдүү көрүнүштөр билим берүүчү жайдын беделин түшүргөн. Кызматкерлер жаңы жетекчинин келиши менен абал өзөрөт деген ишенимде. 

Шайлоонун ачык-айрым өтүшүн камсыздоо максатында уюштуруу комитети түзүлгөн. Аны юридикалык академиянын ректору Канат Керезбеков жетектейт.

Добуш берүүгө медициналык академиянын дээрлик баардык кызматкерлери катышат. Шайлоо филармонияда өтөт. Ал жерге атайын бюллетень үчүн урналар коюлмакчы. Ал эми шайлоонун жүрүшүнө көз карандысыз эксперттер байкоо салат.