Жаңылыктар
БУУда COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасынын бет ачаары болду
Дүйнө
БУУда COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасынын бет ачаары болду

Бириккен Улуттур Уюмунда COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасынын бет ачаары болду. Россиянын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында өлкөнүн вируска каршы вакцинасы 100 миң кишиге сыналганын билдирди. 

Айтымында, препаратты иликтөө уланып жатканы - анын натыйжалуулугун көрсөтөт. Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев Генералдык ассамблеянын атайын жыйынында 40дан ашуун өлкө Орусияга 1 миллиард 200 миллион доза вакцинага буйрутма бергенин билдирди.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин COVID-19га каршы кеңири масштабдагы эмдөө башталганын жарыялады.