Жаңылыктар
Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгара турган завод курууда
Дүйнө
Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгара турган завод курууда

Жамбыл облусунда наркы 16,5 млн долларга бааланган коронавируска каршы вакцина чыгара турган завод курулууда. 

Жергиликтүү бийлик вакцина келерки жылдын март айынан тарта өндүрүлө баштай турганын билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы заводдо иштей турган биолог, вирусолог окумуштууларга өзүнчө үй дагы курулууда. Заводдо 65 киши иштемекчи. Быйыл июнь айында Жамбыл облусунун Кордай районунда түрдүү инфекцияларга, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды чыгара турган заводдун курулушу башталган. 

Завод жылына 30-60 млн. доза коронавирус вакцинасын өндүргөнү турат. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар да чыгарылаары айтылууда.Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы эки казакстандык вакцинаны өз тизмесине кошкон.