Жаңылыктар
ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши онлайн - форматында өтөт
Мекендештер
ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши онлайн - форматында өтөт

Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңеши 4-декабрда видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина брифинг учурунда билдирди. 

Буга чейин ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешин Москвада өткөрүү пландалган. Малкина өкмөттөр аралык кеңештин алкагында 2025-жылга чейинки стратегиялык маселелер, Биримдиктин ички рыногундагы 2021-2022-жылдары жоюлуучу чектөөлөрдү жана ошондой эле курулуш тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү базарынын иштешин камсыздоо маселелери талкуулана турганын айтты.