Жаңылыктар
Интерпол уюму кыргызстандык 25 кишини издөөдөн баш тартты
Кылмыш
Интерпол уюму кыргызстандык 25 кишини издөөдөн баш тартты

Издөө-иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча эл аралык Интерпол уюмун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросу жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын коомчулукка жарыялады.

Учурда аталган эл аралык уюм аркылуу 312 кыргызстандык изделүүдө. Алардын катарында жогорку кызматтардагы 25 кишини интерпол издөөдөн баш тартышкан. Арасында мурдагы президент Курманбек Бакиев, 2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштурган деп айыпталган Кадыржан Батыров да бар.

Интерпол уюму азыркы күндө Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев, анын бир туугандары Марат жана Каныбек Бакиевди издөөдөн баш тарткан. Бул тууралуу Интерпол уюмун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросунун жетекчинин орун басары Дайырбек Казыбаев билдирди. Анын айтымында, Интерполдун мыйзамынын 3 беренесинде адамдарды саясий, аскердик жана расалык мотив менен издебейт деп белгиленген.

Мындай негиз менен интерпол кыргызстандан сунушталган бир канча кишини издөөдөн баш тарткан. “Арасында мурдагы президент Курманбек Бакиев, 2010-жылдагы июнь калабасын уюштурганы айтылган Кадыржан Батыров да бар”- деди Дайырбек Казыбаев.

Кыргызстан аталган эл аралык издөө уюму менен 1997-жыдан бери кызматташып келет.  Бул мезгил аралыгында кыргыз тарап кылмышка шектеп 365 кишини издөө боюнча аталган уюмга кайрылган.

Интерполдун Кыргызстандагы бөлүмүндө онго жетпеген адам иштейт. Кыргызстан мүчөлүк акы үчүн аталган уюмга жыл сайын 15 миң евро төлөшү керек. Бүгүнкү күндө өлкө карызы 160 миң еврого жеткен.

Казыбаев белгилегендей, каржы маселеси ушул тапта чечилип жатканын белгиледи. Карыз 2002-жылдан бери топтолгон.

Издөө-иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча эл аралык Интерпол уюмун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросу Элдик Лоторея мекемесинин каржылык көз бойомочулугун ачкан.

Учурда аталган эл аралык уюм аркылуу 312 кыргызстандык изделүүдө. 25 кишини издөөдөн баш тартышкан.