Жаңылыктар
Талас облусунда "Манас" күнүнө карата күнү-түнү тынбай Манас айтылат
Маданият
Талас облусунда "Манас" күнүнө карата күнү-түнү тынбай Манас айтылат

Бүгүн, 4-декабрда Талас облусунда "Манас" күнүнө карата күн-түн тынбай Манас айтылат. Саамалыкка 20дай манасчы катышып, алар улуу баянды кезектешип айтышат. "Манас Ордо" комплексинде уюштурулуп жаткан бул иш-чара КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

"Манас" күнүндө Талас жергесинде бир күн кечке тынымсыз Манас айтуу демилгеси алкачкы жолу колго алынууда. Буга чейин 1 саат, 3 жана 7 саатка чейин Манас айтылган. Андыктан "Манас Ордо" комплексинде кезектешип Манас айтуу менен жети дубандын манасчылары, ата-журтубузда бейпил турмуш, кут орногон, тынч заман болсун деген аруу ниетти тилек кылышууда.

"Манас" күнүнүнө карата уюштурулуп жаткан иш-чаранын ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, анда облустук драма театрдын артисттери оюн-зоок көрсөтүшөт. 

Манас айтуу бүгүн саат 11.00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00дө токтотулат. Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражат сарпталбайт. Чыгымдарды демөөрчүлөр менен меценаттар көтөрүүдө. Саамалык баштан аягына чейин КТРКнын “Маданият.Тарых.Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.