Жаңылыктар
“Түркстандагы көтөрүлүш -1916-жыл” –аталышындагы китеп жарык көрдү
Маданият
“Түркстандагы көтөрүлүш -1916-жыл” –аталышындагы китеп жарык көрдү

Бүгүн “Түркстандагы көтөрүлүш -1916-жыл” –деп аталган китептин бет ачары болду.  Архивдик   расмий документтердин жыйнагын түзгөн автор, Россия Федерациясынын Илимдер академиясынын жалпы тарых институтунун ислам таануу кабинетинин башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Татьяна Викторовна Котюкова. Бул китепке Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Россиянын мамлекеттик архивдеринен топтолгон 122 документ кирген.  

Автор Падыша Өкмөтүнүн  колониялдык саясаты учурундагы тарыхтын буга чейин элге жетпей келген актай барактарын толуктоого көмөкчү боло турган  эмгек-дейт, Чокан Валиханов атындагы тарых жана этнология  институтунун тарыхнаама бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору Гүлбану Жүгенбаева.

Тарых чындыгын адис тарыхчылар талдаганы оң. Бул расмий документтердин топтому   тарыхтын ушул мезгилин изилдеген окумуштууларга   өтө  керектүү  маалыматтарды берери айтылды.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”