Жаңылыктар
Жети дубандын манасчылары ата-журттун бейпил турмушун тилеп Манас айтууда
Маданият
Жети дубандын манасчылары ата-журттун бейпил турмушун тилеп Манас айтууда

Бүгүн Талас облусунда "Манас" күнүнө карата арналган иш-чара өтүп жатат. Саамалыкка 20дай манасчы катышып, алар улуу баянды кезектешип айтышууда. 

Иш чара "Манас Ордо" комплексинде уюштурулуп, КТРКнын “Маданият.Тарых.Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Манас күнүндө Талас жергесинде бир күн кечке тынымсыз Манас айтуу демилгеси алкачкы жолу колго алынууда. Кезектешип Манас айтуу менен жети дубандын манасчылары, ата журтта бейпил турмуш, кут орногон, тынч заман болсун деген аруу ниетти тилек кылышууда.