Жаңылыктар
"Бүйүрдү кызыткан" депутаттык мандат
Саясат
"Бүйүрдү кызыткан" депутаттык мандат

Мандаттарынан ажыраган депутаттардын арыздарын сот канааттандырды. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган чечими мыйзамсыз деп табылды. “Кыргызстан” фракциясы эл өкүлдөрүнүн катарынан чыгышына өздөрүнүн жазган арыздары себеп экенин белгилесе, мандаттары талашка түшкөн Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова муну төгүндөштү.

Судья Алмаз Калыбаев төрагалык кылган сот отурумунда талаштуу маселеге байланыштуу бардык тараптардын пикирлери угулду. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров депутаттардын мандатынан ажыратылышына байланыштуу БШКны айыптоого негиз жок экенин белгилейт. Комиссия мүчөлөрү болгону “Кыргызстан” фракциясынын берген сунушуна ылайык чечим чыгарган. Ал эми фракция Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова 22-декабрда өткөн жыйында катардан чыгарылышканын, буга өздөрү жазган арыздары себеп болгонун белгилейт. Бирок, мандаттары талашка түшкөн депутаттар ал күнү фракциянын жыйыны өтпөгөнүн тастыктаган далилдерди сотко ала келишкен.  Фракциянын жетекчилиги болсо депутаттар арыз жазышкан деп ишендирүүдө. Бирок, сот фракция жетекчилигинин пайдасына чечим чыгарган жок. Эки депутаттын мандаттан ажыратылышы мыйзамсыз деп табылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын талаштуу чечим чыккан отурумуна “Кыргызстан” фракциясынын дагы бир депутаты Урмат Ишенбеков катышып, арыз жазбаганын айтуу менен мандатын сактап калган. Ал эми комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн Жумалиева менен Эсенаманованын пикирлерин угуу сунушу колдоо тапкан эмес болчу. Алардын пайдасына чечим чыккан сотко Ишенбеков да катышты. Ал арыз алдын ала шайлоого чейин эле жазылганын, болгону датасы атайылап өзгөртүлүп көрсөтүлгөнүн белгилейт. Демек, бул жолку талаштар да буга чейин “Республика-Ата-Журтчулардын” айланасында болгон окуяларга үндөшүп турат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын талаштуу чечимдери Жогорку Кеңеште да сынга кабылган. Парламентте бул маселени талкуулоо демилгеси көтөрүлүп, бирок аны фракция  өзү чечиши керек деген жүйөө белгиленген эле. Сотто утулган тараптын 3 күндүн ичинде кийинки инстанцияга кайрылууга укугу бар.

Калыгул Асамбаев