Жаңылыктар
Кыргызстандыктар Түркияга көңүл айтышты (жаңыланды)
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктар Түркияга көңүл айтышты (жаңыланды)

Бишкектеги Түркия элчилигинде Стамбулдагы террордук чабуулдардан мерт кеткендерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага белгилүү саясатчылар, жарандык активисттер, Кыргызстандагы түрк окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү катышты.

Алар Стамбулдагы террордук чабуулду айыптап, мындай апаат бир эле Түркиянын башына түшкөн кайгы эмес, бүтүндөй дүйнө коомчулугун кооптондурган маселе экендиги айтылды. Террорчулук жалпы дүйнө үчүн коркунуч жараткан көрүнүш болуп жатканын белгилешти. 

Түркиянын элчилигинде эки күн мурдагы окуяга байланыштуу ачылган "Көңүл айтуу китебине" түрк элине тилектештигин билдирген каалоо, тилектер жазылууда. Элчилик өкүлдөрү келгендерге ыраазычылык билдирип, оор күндө бирге болгондорго рахматын айтты. Эске сала кетсек, 28-июнда Стамбулдун Ата Түрк аба майданында теракттан 41 адам каза болгон.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118