Жаңылыктар
Түркияда аза күтүү жарыяланды
Дүйнө
Түркияда аза күтүү жарыяланды

Түркия Стамбулдагы "Ата Түрк" аба майданындагы жардыруудан кийин улуттук аза күтүүнү жарыялады. Бул тууралуу "Анадолу" маалымат агенттиги кабарлайт. Түркиянын бардык аймагында, жана башка мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрдө туу төмөн түшүрүлөт. 

Эске сала кетсек, "Ата Түрк" аба майданындагы жардыруудан 41 киши каза болуп, 130 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Каза болгондордун көпчүлүгү Түркиянын жарандары, андан тышкары Сауд Арабиянын, Тунистин, Ирак, Өзбекстан, Иран, Украина жана Синьцзян-Уйгур автономдук районунун жарандары да бар. Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырымдын айтымында, жардырууну "Ислам мамлекети" террордук уюму ишке ашырган.