Жаңылыктар
Чехия 2038-жылга чейин көмүрдөн толугу менен баш тартууну пландап жатат
Дүйнө
Чехия 2038-жылга чейин көмүрдөн толугу менен баш тартууну пландап жатат

Чехия өлкөсү 2038-жылга чейин көмүрдөн толугу менен баш тартууну пландап жатат. Бул тууралуу Чехиянын Өнөр жай жана соода министри Карел Гавличек билдирди.

“ Көмүр комиссиясы өкмөткө баш тартуу үчүн сунуштай турган жыл – 2038-жыл. Бул Чехияда жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү үчүн көмүрдү пайдаланууну басаңдатууга реалдуу мөөнөт”- деди Гавличек.

Эгер өкмөт мындай планды жактырса, 2038-жылдан баштап өлкөдөгү бардык көмүр менен иштөөчү электр станциялары токтойт. Министрдин айтымында, бул 2050-жылга чейин CO2 бөлүп чыгарууну 138 миллион тоннага кыскартат.

Ошондой эле, 2050-жылга чейин Чехия жаңы энергия булактарына болжол менен 16 миллиард доллар инвестиция салууну пландаштырууда.

Эскерте кетсек, Европанын көпчүлүк өлкөлөрү көмүрдөн баш тартышууда. Германия дагы көмүрдү колдонууну 2038-жылы толугу менен токтотууну пландап жатат. Польша 2049-жылга акыркы мөөнөтүн жарыялады.