Жаңылыктар
Аргентина эң бай жарандар үчүн жаңы салык киргизди
Дүйнө
Аргентина эң бай жарандар үчүн жаңы салык киргизди

Аргентина COVID-19 пандемиясынын шартында, эң бай жарандар үчүн жаңы салык киргизди. Алынган каражаттар медициналык жабдууларды төлөөгө жана коронавирус пандемиясынын шартында жарандардын аялуу катмарына, ишканаларга жардам берүү чараларын каржылоого жумшалат.

Жаңы салык, байлыгы 2,5 миллион доллардан ашкан жарандарга төлөөгө милдеттендирилет. Аргентинада мындай байлыгы бар адамдардын саны 12 миңди түзөт. Бул салык төлөөчүлөрдүн 0,8%.

Жаңы эрежелерге ылайык, миллионерлер үчүн салык Аргентинада сакталган активдерден 3,5% га чейин, ал эми өлкө тышындагы активдерден 5,25% га чейин жогорулайт. Ошентип, өкмөт болжол менен 3,7 миллиард доллар чогултууну пландап жатат.

Чогулган акчанын 20% дары-дармек жана медициналык жабдууларды төлөөгө, 20% чакан жана орто бизнеске жардам берүүгө, дагы 20% студенттердин стипендиясына жумшалат. Мындан тышкары, дагы 15% социалдык өнүгүүгө, калган 25% газ ишканаларын иштетүүгө кетет.

Аргентина COVID-19 вирусун жуктургандардын саны боюнча Латын Америкасында экинчи орунда турат. Жалпысынан 1,45 миллиондон ашык учуру катталды. 39 миңден ашуун адам көз жумду.