Жаңылыктар
Этиятсыз мамиледен өрт кырсыгы көбөйдү
Өзгөчө кырдаал
Этиятсыз мамиледен өрт кырсыгы көбөйдү

Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы дээрлик 5 пайызга жакын көбөйдү. Мунун негизги себеби, электр жабдууларына жана мештерге болгон этиятсыз мамиле. Мындан тышкары балдардын ойноосунан улам 11,3 пайыз өрт кырсыгы болгон. Бул туурасында экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өрттү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаков билдирди. 

Анын айтымында жыл башынан бери өрттөн 38 адам каза таап, 32 адам ар кандай жаракаттарды алган. Материалдык чыгым болсо 381 миллион сомдон ашып кетти. Атап айтканда, 32 транспорт, миң тоннадан ашык кесек тоюттар, 25 курулуш объектилери күйүп кеткен. Ал эми өрткө каршы күрөшкөн кызматтын аракети менен, 42 адамдын өмүрү куткарылып, 393 млн сомдон ашык товар сакталып калган.