Жаңылыктар
Декабрь айында Геминиддер жана Урсиддер топ жылдыздарынын жабыла учушу күтүлүүдө
Дүйнө
Декабрь айында Геминиддер жана Урсиддер топ жылдыздарынын жабыла учушу күтүлүүдө

Декабрь айында Геминиддер жана Урсиддер топ жылдыздарынын жабыла учушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады. 

Геминиддер — ар жылы боло турчу күчтүү агымдардын бири. Быйыл аны 7-декабрдан 17-декабрга чейин көрүүгө болот. Активдүүлүктүн туу чокусу 15-декабрга караган түнгө туш келип, саатына 120 метрге чейин жетет. Ай байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт, анткени кыймылдын туу чокусунан бир күн мурун жаңы ай чыгат. 

Урсиддер — активдүүлүгү азыраак агым. Жыл сайын 17-27-декабрь күндөрү күчүндө болот. Максималдуу активдүүлүгү жылдын эң узун түнүнө — 22синен 23-декабрга караган убакытка туш келип, саатына 10 метеорго чейин жетмекчи.