Жаңылыктар
Келерки жылы Кара-Балта жана Талас шаарларында калкты тейлөө борборлору ачылат
Аймак
Келерки жылы Кара-Балта жана Талас шаарларында калкты тейлөө борборлору ачылат

Келерки жылы Мамлекеттик каттоо кызматы Кара-Балта жана Талас шаарларындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесини бөлүмдөрүнүн базасында транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча калкты тейлөө борборлорун ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу МККнын пресс-кызматы билдирди. 

Учурда Авто КТБга ишке киргизүү үчүн имараттарды оңдоо иштери башталды. Бул аймактарда Авто КТБнын ачылышы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт, алардын сапатын жогорулатат жана процесстерди оптималдаштырат.

Биринчи Aвто КТБ Кыргызстандын борборунда 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап иштейт. Жыл аягына чейин шаардын батыш тарабында, транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча дагы бир калкты тейлөө борборун ачуу пландаштырылууда.