Жаңылыктар
Жаңы жыл жыттанган мандарин тууралуу
Ден соолук
Жаңы жыл жыттанган мандарин тууралуу

Босогодо жаңы жыл. Демек, майрамдык дасторкондун ханышасы мандариндер тууралуу сөз козгогонго убакыт келип жетти. 
 Мандариндин мекени катары  Кытай жана Вьетнам саналат. Мандариндин түрлөрү көп, бирок  биздин аймакка көбүнчө Абхазия, Түркия  жана Мароккодо өстүрүлгөндөрү келет. Негизги айырмачылыгы мөмөнүн көлөмү менен таттуулугунда. Ал эми Европага 19-кылымдын башында тараган.

Пайдалуулугу

Мандаринде А, Д, К, С витаминдери,  минералдар: калий, магний, темир, фосфор, натрий жана кальций кездешет. Муну менен катар табигый антисептиктер бар. Терисинде 1-2% эфир майы, ошондой эле пигменттер, мисалы, каретин камтылган. Курамындагы аскорбин кычкылы  аркылуу иммундук системаны чыңдайт. Жөтөлдү басып, какырыктын чыгуусун тездетет. Бардык цитрус жемиштери сыяктуу  бул жемиш да дене тапты төмөндөтүүчү касиетке ээ жана суук тийүүнүн алдын алууда алгачкы көмөкчү.

Калориясы төмөн болгондугуна байланыштуу ашыкча салмак кошуу маселесин туудурбайт. Дарылоочу кайнатмалар жана чайлар жемиштин кабыгынан даярдалат. Данектери  дагы жегенге жарактуу, бирок өлчөмүнөн көп пайдалануу зыянга учуратышы мүмкүн.

Бул жемиш териге да оң таасирин тийгизет - концентрацияланган мандарин майы көптөгөн косметикалык каражаттарда кездешет. Күнүмдүк рациондо үзгүлтүксүз колдонуу менен психологиялык абалдын турукташуусу, стресстин жалпы туруктуулугунун жогорулашы жана депрессиялык абалдан арылуунун ишенимдүү жолу катары  бааланат.

Мандариндин курамына кирген С витамини микроэлементтер жана лимон кислотасы менен биригип, простата безинин иштешин нормалдаштырат. Фосфор, лимон жана аскорбин кислоталары, ошондой эле башка минералдар эякуляттагы кислота деңгээлин турукташтырат. Ошондой эле, мандарин денедеги  токсиндерди нейтралдаштырат, бул тамеки чеккен эркектер үчүн өзгөчө маанилүү. 

Курамындагы  Д витамини рахиттин өнүгүшүн алдын алууга жөндөмдүү Мандаринде, башка цитрус жемиштери сыяктуу, физикалык энергияны жогорулатуучу жана чарчоо менен күрөшүүчү эфирдик майлар бар - бул мектеп окуучулары үчүн маанилүү.

Зыяны

Албетте, пайдасы менен биргеликте зыяны тууралуу дагы айтып өтпөсөк болбойт.

Организмге зыян келтирбөө үчүн диетологдор күнүнө үч-төрт мөмөдөн көп эмес жегенди сунушташат.  Таң эрте менен ачкарын жегенге тыюу салынат. Анткени курамындагы кислоталар тамак сиңирүү жолдорунун былжырлуу челин жабыркатат.

Бир жашка чейинки балдарга цитрус жемиштерин берүү үчүн этияттык керек. Наристелерге берүүдө педиатрлар организмдин реакциясын көзөмөлдөөнү сунушташат. Аллергия белгилери пайда болсо, жемиштерден баш тартып, адиске кайрылуу керек.

Кантип туура тандоо жана сактоо керек?

Бышкан мандарин териси жылмакай жана бекем, жашыл тактары жок болот. Өтө жумшап кеткен жемиш тоңуп калганынан же  өтө бышып кеткенинен кабар берет. Тиешелүү ачык жыты болушу керек, андай болбосо, мандариндер быша элек терилип же химикаттар менен иштетилген дегенди түшүндүрөт.

 Кызыктуу фактылар

Мандарин дарагынын бою 5 метрге чейин жетет.

Дүйнөдө мандариндин 50гө жакын ар кандай түрлөрү өстүрүлөт.

Айрым мандарин дарактары адамдын жардамысыз көбөйө албайт, анткени селекционерлер уруксуз сортторду иштеп чыгышкан жана аларды бутактар менен гана көбөйтүүгө болот.

Бир мандарин дарагынан бир сезондо 5000-7000ге чейин жемиш жыйнап алсаңыз болот.

Кытайда мандарин байлыктын символу деп эсептелет.

Окумуштуулар бул жемиштердин жыты стресстен арылууга, маанайды көтөрүүгө, дем-күч берээрин далилдешкен.

Мандарин цитрус жемиштеринин ичинен эң суукка чыдамдуусу.

Дүйнөлүк цитрус өндүрүшүндө мандарин апельсинден кийин экинчи орунда турат.