Жаңылыктар
Евро-2016: чейрек финал башталды
Спорт
Евро-2016: чейрек финал башталды

Бүгүн Европа чемпионатынын чейрек финалы башталат. Алгачкы оюн Польша менен Португалиянын ортосунда болот. Бул эки команданын ичинен фаворитти азырынча эч ким айта элек. Бирок буга чейинки статистиканы карасак Португалиянын футбол командасы Польша менен болгон 10 оюндун төртөөсүндө жеңип, дагы төрт жолку беттешинде тең чыгышкан. 

Демек бүгүнкү командалар буга чейин да чоң турнирлерде, мисалы 86чы жана 2002-жылкы дүйнөлүк чемпионаттарда бет келишкен тажрыйбасы бар. Оюн бүгүн Марсель шаарындагы "Велодром" стадионунда өтөт.