Жаңылыктар
Россия: манжанын изин тапшырууга милдеттендириши мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Россия: манжанын изин тапшырууга милдеттендириши мүмкүн

Россия Өкмөтү мигранттарды манжанын изин тапшырууга милдеттендириши мүмкүн. Буга өлкө аймагында мигранттардын көбөйүшү себеп болууда.  Эксперттердин божомолунда келерки жылдары дагы көбөйүшү толук ыктымал. Экинчи жагынан Россия бийлиги жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу аракетин көрүп жатат. 

Россия өкмөтү мыйзамсыз миграцияга каршы сунуштарды карап жаткандыгын “Интерфакс” жазып чыкты. Эксперттер, келерки жылдары да , аймакка  миграциянын  агылуусу  мүмкүн  деп божомолдошот.  Акыркы учурдагы  Европанын айрым мамлекеттеринде катталып жаткан кейиштүү окуялар, мигранттардын арасында экстремисттер да болушу ыктымал дешет. Маалыматтарга караганда, Россиянын аймагында 5миллиондой эмгек мигранты бар.  Мындай  шартта  коопсуздук  чараларын  күчөтүү  зарылдыгы айтылууда.  Анын  бир жолу -  дактилоскопия, башкача айтканда, бармактын башындагы наардан адамды билүү. Эми Россияга баргандар бармактын изин тапшырышы мүмкүн.

 

Ал эми Кыргызстанда  бүгүнкү күндө  жети жарым миңге чукул эмгек мигранты  эмгектенүүдө, алардын басымдуусу  кытай   жарандары,  мындан тышкары   Түркия , Пакистандан келгендер да бар. Мамлекеттик миграция кызматынын  башкы  адиси   Бакыт Кудайбердиевдин айтуусунда,  өлкө аймагында  иштегенге уруксат кагазын алган  чет элдик  жарандар  өндүрүш, транспорт жана курулуш  жана башка  тармактарда  иштешет. 

Дүйнө  жүзүндө  кырдаал курчуп турган  абалда  мамлекеттин коопсуздугун  бекемдөө  зарылдыгы жаралууда.  Буга чейинки  тиешелүү органдар тарабынан  көрүлгөн аракеттер  жетишсиз кыларын  айрым адистер эскертип жатышат. Коопсуздук,  укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча  мурдагы  вице-премьер-министр  Абдырахман  Маматалиев  элдин коопсуздугун  камсыз  кылуу  үчүн   жаңы иш-чараларды иштеп чыгуу  зарыл деген пикирде. 

Кыргызстандын аэропортторунда Стамбулдагы теракттан улам, коопсуздук чаралары күчөтүлдү.  Мындай тартипте ,  ошондой эле, милиция кызматы иштеп жатат.

Г. Усенова, “Биринчи радио”