Жаңылыктар
Италияда катуу жамгыр менен кар жаап, суу ташкыны жана кар көчкү коркунучу жогору болууда
Дүйнө
Италияда катуу жамгыр менен кар жаап, суу ташкыны жана кар көчкү коркунучу жогору болууда

Жекшемби күндөн бери Италияда катуу жамгыр жана кар жаап, суу ташкыны ошондой эле, кар көчкү коркунучу жогору болууда. 

Венето, Фриули-Венеция-Джулия, Эмилия Романья, Пьемонт, Ломбардия жана Тоскана аймактарындагы куткаруучулар 48 саат бою иштеп жатышат. Ага эки миң 200дөн ашык куткаруучулар тартылган. Венетонун Беллуно аймагында жамгыр жана кардан кийин кар көчкү жүрүп унаа жолу жабылып калган. Гозальдо аймагында чакан көпүрө кулап, өрт өчүрүү кызматынын унаасы дарыяга түшүп кеткен. 

Коопсуздук максатында, Больцано менен Италиянын чек арасынын ортосундагы Бреннер темир жолу жабылды. Аймактарда 80 смден 140 сантиметрге чейин кар түшүп, катуу шамал кырдаалды ого бетер татаалдантты. Эмилия Романьянын Модена аймагында катуу жааган жамгырдан улам Панаро дарыясы ашып, суу ташкынынан 60 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү.