Жаңылыктар
Коронавируска каршы вакцинанын биринчи тобун Лондондун түштүгүндөгү ооруканага жеткирилди
Дүйнө
Коронавируска каршы вакцинанын биринчи тобун Лондондун түштүгүндөгү ооруканага жеткирилди

Улуу Британияга Pfizer жана BioNTech компаниялары тарабынан жасалган коронавируска каршы вакцинанын биринчи тобун Лондондун түштүгүндөгү ооруканага жеткирилди. 

Шейшемби күнү 800 000 даана вакцина жарандарга сайыла баштайт. Pfizer-BioNTech вакцинасын жеткирүү кыйынга турат, анткени аны -70 градуска чейинки өтө төмөн температурада сактоо керек. Бирок, вакцинаны кадимки муздаткыч температурасында, бир нече күн бою сактоого болот. 

Аны даярдоо бир нече саатты талап кылат, алгач вакцина эритилип андан кийин эмдөөгө колдонулат. Бийлик декабрда жана жакынкы айларда өлкөнүн көптөгөн аймактарына вакинаны жеткирүүнү көздөп жатат. Эскерте кетсек, Pfizer-BioNtech вакциналары болжол менен 95% натйжалуу экени аныкталган.