Мындан 62 жыл мурда, 8-декабрда обого кыргыз тилиндеги алгачкы телеберүү чыккан. Бул күн Кыргыз телерадиоберүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. Кыргыз телеберүүсүнүн күнү 1995-жылы 23-декабрда чыккан өкмөттүн токтому менен бекитилген.
КТРКнын курамында учурда алты телеканал: "КТРК", "КТРК Музыка", "Маданият-Тарых-Тил", "Баластан",“КТРК Спорт” жана "Ала-Тоо 24" обого чыгууда.
Ошондой эле КТРКда төрт радио: "Биринчи радио", "Кыргыз радиосу", "Миң кыял" жана "Балдар FM" радиолору угармандарына уктурууларын тартуулап келе жатышат.
Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган, 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Элдик Комиссарлар Советинин алдында радиокомитет уюштурулган. Бул дата Кыргыз телерадиосунун түптөлгөн күнү болуп эсептелет.