Жаңылыктар
Америкалык "Алтын глобус" кино сыйлыгына кыргыз тасмасы көрсөтүлдү
Маданият
Америкалык "Алтын глобус" кино сыйлыгына кыргыз тасмасы көрсөтүлдү

"Көл" аталышындагы кыргыз тасмасы Голливуддун 78-Америкалык "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

КРнын Эмгек сиңирген артисти,режиссер Эмил Атагелдиевдин тасмасы "Чет тилдеги мыкты фильм" номинациясына көрсөтүлдү.

Фильм ыйык көлдө  жашаган ата-бабалардын рухтары жөнүндө байыркы кыргыз уламышынын негизинде тартылган. Бийик тоолуу Ысык-Көлдүн пейзаждарынын фонунда ачылган экзистенциалдык драмада баатырлардын ички карама-каршылыктары, тандоо эркиндиги жана өз жолу жөнүндө кенен баяндалат.

Фильмди "Оймо Студиясы" менен "Айтыш Фильм" кинокомпаниясы менен биргеликте тарткан.

Фильмдин дүйнөлүк премьерасы Шанхай эл аралык кинофестиваль - 2020, Asian New Talent Award номинациясынын алкагында болуп өттү.