Жаңылыктар
Айласы куруган Түркия орус тарапка "оодубу"?
Саясат
Айласы куруган Түркия орус тарапка "оодубу"?

Орусия менен Түркия үзүлгөн байланыштарын калыбына келтирүүнүн камын көрүп жатат. Эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтыкты кайра жандандырууну макулдашышты. Сүйлөшүүлөр түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган ноябрь айында өлгөн орус учкучунун үй бүлөсүнөн кечирим сурагандан кийин жанданууда. Батыштан олуттуу колдоо таппаган Анкара Орусия менен мамиле курганы оң болоорун айткан талдоочулар бар. 

Телефон аркылуу 45 мүнөттөй сүйлөшкөн эки өлкөнүн лидерлери кызматташтыкты калыбына келтирүүнү макулдашты. Андан соң орус президенти Владимир Путин өкмөткө Түркияга киргизилген санкцияларды алууну тапшырды.

“Түрк президенти биздин дарекке кат жолдогондон кийин мамилени жөнгө салуу процесси башталды. Түрк президенти менен телефон  аркылуу сүйлөшүүнүн башында өлкө президентине жана бардык түрк элине Стамбулдагы террактка байланыштуу көңүл айттым. Туризм тармагына киргизилген административдик чектөөлөрдү жоебуз. Ошондой эле өкмөттөн Түркия менен соода  алаканы толугу менен жөнгө салууну өтүнөм. Түрк президенти мага өз өлкөсүнүн аймагында биздин жарандардын коопсуздугу камсыздаларын айтты”.

Кызматташтыкты кайра жандандыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде чечимдер кабыл алынууда. Эми алардын аткарылышы төмөнкү катмарларга көз-каранды.

Түркиянын туризм тармагындагы 7 айдан бери өкүм сүргөн кенемтени толтуруш үчүн орус авикомпаниялары мурдагы каттамдарды калыбына келтириши зарыл. Москва киргизген санкциялардан дал ушул тармак өзгөчө жабыркаган. Ошондой эле айыл-чарба азыктарынын бир катар түрлөрүн алып келүүгө тыюу салынышы да олуттуу кедергисин тийгизген.

Алакага жарака кетирген окуя Сирия менен чектешкен аймакта болгон. Анкара орус учагы Түркиянын аба мейкиндигин бузганын айтса, Москва муну четке каккан эле. Кремль койгон талаптарды Аксарай 7 айдан кийин гана аткара баштады. Эрдогандын кечирим сураганын орус коомчулугу өз өлкөсүнүн дипломаттарынын жетишкендиги катары кабыл алды. Ал эми Түркияда президенттин кадамын сындагандар да,  куру намысты жыйыштырып, мамлекет пайдасы үчүн иш кылды деп мактагандар да бар. Анкаранын Европа Биримдиги менен соңку активдүү сүйлөшүүлөрү натыйжа берген жок. 

Аскерий жактан кызматташып жаткан АКШ менен да көп учурда көз-караштары дал келбей калууда. Дал ушул жагдайды эске алган айрым эксперттер Түркиянын Орусия менен кызматташуусу пайда алып келээрин айтышат. Бирок, ал экономикалык багытта гана болушу мүмкүн. Президенттердин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө терроризмге каршы туруу маселеси да көтөрүлгөн. Анкара менен Москванын коопсуздук жаатындагы кызматташуусунун жыйынтыгын көрүүдөн күмөн санагандар арбын. Эки өлкө Сирия маселесинде эки ача позицияны карманат. Ошондой эле көпчүлүктүн баамында Түркиянын НАТОго мүчөлүгү да орус тараптын ишенимин  арттыра бербейт.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"