Жаңылыктар
Өкмөт мүчөлөрү ант берди
Саясат
Өкмөт мүчөлөрү ант берди

Бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземине президент Алмазбек Атамбаев катышты. Кызмат орундарына бекитилген вице-премьер-министр Жениш Разаков, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров, Байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, өнөр жай, Энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламент трибунасына чыгып ант берди. 

Бир апта мурда Жогорку Кеңеш премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөт түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарын колдоого алган. Ага ылайык, мамлекеттик эки жаңы комитет түзүлүп, министрлик жана ведомстволор ортосунда айрым тийиштүү функциялар кайра бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министрдин кызматы түзүлгөн.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118