Жаңылыктар
Мамлекетке кыянаттык кылгандар жазаланышы зарыл
Коррупция
Мамлекетке кыянаттык кылгандар жазаланышы зарыл

Кумтөр кенин иштетүүдө кылмыш жасаган, Кыргызстан үчүн пайдасыз келишимдерди кабыл алып, мамлекетке зыян келтирген атка минерлер жазасын алат. Бир нече фракциядан турган депутаттар тобу “Кумтөр” кени боюнча кылмыштык аракеттерди жасаган адамдар жазасыз калбашы керек деген мыйзам долбоорун демилге кылды. Азыр бул мыйзам коомдук талкууга коюлду. Документтин түпкү максаты - Кумтөр кенине байланыштуу ачылган кылмыштарда эскирүү мөөнөтү деген нерсе колдонулбашы керек болуп жатат. 

Мыйзам долбоорду демилге кылгандардын катарына олуттуу саясатчылардын ичиндеги эки Өмүрбек - Бабанов менен Текебаев кирген. Андан тышкары белгилүү эл өкүлдөрү - Иса Өмүркулов, Алмамбет Шыкмаматов жана башка жоон топ депутаттар бар. Бардыгы 16 адам.



Бул мыйзамдын максаты эмнеде? Мыйзам долбоордун негиздемесинде - "Кумтөр" долбоору боюнча табылган жаңы жагдайлар Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдө жасалган кызматтык жана башка кылмыштардын фактыларын тергөөнүн зарылдыгы жөнүндө айгинелеп жатат", - деп айтылат. Башкы беренеде баардыгы так жазылган.

Кумтөрдүн таржымалынан кабары аз адамга “Эскирүү мөөнөтүнүн”- бул жерге кандай тиешеси бар деген суроо туулушу ыктымал. Маселенин тамыры тереңде. Мындан 3 жыл мурун 2003-жылы Кыргызстан үчүн Кумтөр менен пайдасыз келишимдерди түзгөн чиновниктерди жоопко тартуу аракети көрүлгөн. Бирок кылмыштын мөөнөтү эскирди деген жүйө менен алар суудан кургак чыгып, кылмыш иши токтотулган болчу. Азыр өлкө тамырына балта чапкандарды жоопко тартуу кайра жанданды.

Депутаттар тобу демилге кылган мыйзам долбоор Кылмыш жаза кодексине толуктоо киргизүү жана ал аркылуу Кумтөрдөгү жемкорлукка малынган адамдарга карата чара көрүүгө багытталган.  “Центерранын” мурунку жетекчиси Леонард Хоменюктун кен ишканасындагы былык иштер тууралуу жазган каты, Кумтөр башынан тарта эле коррупцияга малынганына ишендирди.

2014-жылы мурунку чакырылыштагы депутаттар - коррупциялык кылмыш кылгандарга эскирүү мөөнөтү колдонулат деген мыйзам кабыл алган. Ал мыйзам кабыл алынган учурдан тарта, тактап айтканда 2 жыл мурда күчүнө кирген. Жемкорлорду жоопко тартуу маселеси эми кайрадан жанданып отурат. Мыйзам долбоору азыр жаңыдан коомдук талкууга коюлду. Демек коомчулуктун сунуш-пикирлерин эске алуу менен дагы толуктоолор менен өзгөрүүлөргө дуушар болушу ыктымал. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118