Жаңылыктар
Медакадемиянын ректору ким болот?
Кыргызстан жаңылыктары
Медакадемиянын ректору ким болот?

Бүгүн Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын ректорун шайлоо өнөктүгү болду. Ага 7 адам талапкерлигин койгон. Алардын ичинен көп добуш алган үчөө премьер-министрге сунушталат. Эскерте кетсек академияны 7 жыл жетектеген Аширалы Зурдинов өз арызынын негизинде ушул жылдын май айында ректорлуктан кеткен. 

Академияны 7 жылдай жетектеген Аширали Зурдинов дагы шайлоого келди. Анын добуш берип жатканын көргөн кесиптештери кол чаап жиберишти. Зурдинов толкунданып кеттиби, айтор бюллетенди урнага сала албай убара болду.



Ректорлукка талапкерлигин 12 адам койгон. Бирок алардын бешөө кайра баш тартып, 7 талапкер калды. Алардын ичинен бирөөсү эле айым. Калгандары мырзалар. Алар дагы алдыңкы катарда отуруп, өнөктүккө көз кырын салып турушту.  Добуш берүү 4 сааттан ашык болду. Эсеп комиссиясы жыйынтыкты санагычакты көпчүлүктүн көөдөнүндө ким ректор болот деген суроо турду.

Ошентип, 7 талапкердин ичинен Ишембек Сатылганов 185 добуш менен алдыга чыкты. Андан кийин Догдурбек Адамбеков 166, Индира Кудайбергенова 135 добуш алды. Бул үчөө эми өкмөткө сунушталат.
Ошентип, медициналык академиянын окутуучулар жамааты кесиптик майрамынын алдында татыктуу деген талапкерине добуш берди. Эми үчөөнүн ичинен кимиси болоорун өкмөт башчы чечет.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118