Жаңылыктар
Стамбулдагы терактты кимдер уюштурганы такталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Стамбулдагы терактты кимдер уюштурганы такталууда

Стамбул аэропортунда өзүн өзү жардырган үч жанкечтинин бири кыргызстандык болушу ыктымал деген маалымат тастыктала элек. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

"Стамбулдагы кыргыз консулдугунун кызматкерлери шаардын террорчулукка каршы күрөшкөн башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолукканда бул маалымат бышыкталган жок" деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө. 

Айрым түрк басылмалары жазып чыккан маалыматтарга караганда, аэропортто чабуул уюштургандардын үчөөсү тең Чеченстандан чыккандар болгон. Бирок учурда бул маалыматтар дагы такталууда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118