Жаңылыктар
Стрит воркаут же көчө спорту
Спорт
Стрит воркаут же көчө спорту

Стрит воркаут. Көчөдөгү же сырттагы спорт. Бул жөн гана жаштардын ден соолугун чыңдабастан, алардын ар кандай жаман иштерге аралашып кетүүсүнүн алдын алат. Мындан улам Кыргызстандын аймактарындагы жаштар ордолорунун алдына көчө спортуна керектүү шаймандар коюлууда. Спорт жаатындагы мындай жакшы жаңылык Токмок шаарында башталды. 

Эмир Темирбек уулунун көчө спортуна кызыгып, чындап киришкенине эки жыл болуп калды. Азыр анчалык оор көнүгүүлөрдү аткара албаса да, анча мынча курдаштары кыла албаганды кылып, күч топтоп калган.
Стриит Ворк аут. Темир турниктерге тартынып, ар кандай физикалык көнүгүүлөрдү шымаланып жасоо өнөрүнө дүйнө коомчулугу ушундай ат берген. Маанисинде көчөдө же ачык асман алдында көбүрөөк кыймыл аракетте болуп, ден соолукту чыңдоо дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан спорттун бул түрү менен баары машыга алат. Пайдасы да чоң.

Негизинен көчө спорту менен машыгууга көп нерсенин кереги жок. Бирок темир тартынмалардын түрү канчалык көп болсо, ошончолук көп көнүгүүлөр аткарылат. Токмокто ачылып жаткан Ворк аут аянтында баардык шаймандар коюлган. БУУнун өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосунда ишке ашып жаткан долбоордун ачылышына эл аралык Ворк аут уюмунун башчысы да келген.

Токмок шаарында ачылган аянтчада эми, атайын мелдештер уюштурулуп турмакчы. Анын алгачкысы дароо башталды. Жаштар биринен экинчиси калбай, тартынмада ойкуп кайкып өнөрлөрүн көрсөттү.
Азырынча ворк аут үчүн атайын аянтчадан Кыргызстан боюнча үчөө гана бар. Анын бири ушул Токмок шаарында ачылса, калган экөөсү Бишкекте. Андыктан ар бир аймактарда мындай аянтчаларды куруу зарылчылыгы бар.