Жаңылыктар
Конституциялык палатанын жетекчилиги шайланды
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык палатанын жетекчилиги шайланды

Кечээ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жыйын өткөрүп, Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын жана судья-катчыны кайрадан шайлашты. 

Жаңы төрага болуп Эркинбек Мамыров, анын орун басарлыгына Куанбек Киргизбаев, ал эми судья-катчы кызматына Мээргүл Бобукеева шайланды. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, судьяларынын жыйналышы мындай эреже менен өзүнүн курамынан төраганы, анын орун басарын жана судья-катчыны үч жылдык мөөнөткө шайлайт.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118