Жаңылыктар
Бексултан Жакиевдин 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмө
Маданият
Бексултан Жакиевдин 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмө

Бүгүн,  Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада КР Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург, белгилүү коомдук ишмер, профессор Бексултан Жакиевдин 80 жылдыгына арналган «Кеменгер инсан, заман залкары» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышы болот.

 Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун  Тоң районунун Бөкөмбаев айылында туулган. 1953-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирген. 1960-1962-жылдары Б.Жакиев Москвадагы Жогорку сценаристтик курста окуган.

 Б.Жакиев өзүнүн эмгек жолун 1959-жылы баштап, көп актылуу пьесалардын Республикалык конкурсунда “Атанын тагдыры” деген биринчи пьесасы үчүн сыйлык алган, ал пьеса ушул кезге чейин республиканын театрларында коюлуп жүрөт. Б.Жакиевдин “Миң кыял”, “Алтын аяк”, “Өкүм”, “Эртең жаңы жыл”, “Күттүргөн жаз да келээр”, “Күтүү”, ”, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” деген кийинки чыгармаларында драматургдун көп кырдуу таланты ачылган. “Саадак какты” драмасы боюнча балет жазылган.

Б.Жакиев бүгүнкү күндө коомдогу, искусство, маданият, адабияттагы  ар кыл проблемалар боюнча басма сөздө, телерадиодо активдүү граждандык позициясынан тайбайөз сөзүн айтып келет.

Көргөзмөдө Б.Жакиевдин чыгармалары, макала, интервьюлары, жазуучунун чыгармачылык жана өмүр жолу чагылдырган фотодокументтер, замандаштарынын гезиттердеги жана журналдардагы макалалары коюлган.